Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кош келиңиз!
Бул китепкана Жахабанын Күбөлөрү чыгарган ар кайсы тилдеги адабияттарды изилдөөгө арналган.
Адабиятты жүктөп алуу үчүн jw.org дарегине кириңиз.
  • Бүгүн

Жума, 14-ноябрь

Жасалгаңар көзгө көрүнгөн нерселер [болбосун] (Пет. 1-к. 3:3).

Эстүү болгонубуз башкалардын көз карашын сыйлаганга да жардам берет. Мисал үчүн, айрым эже-карындаштарыбыз боёнгонду жакшы көрсө, башкалары боёнбой эле коюуну туура көрөт. Кээ бир ишенимдештерибиз ичимдикти чени менен ичсе, башкалары такыр эле оозго албайт. Машаяктын жолдоочуларынын баары эле ден соолугунун чың болушун каалайт. Бирок ар ким ден соолугуна ар кандай жол менен кам көрөт. Эгер биз дайыма эле меники туура деп ойлосок жана ошону башкаларга таңууласак, жыйналыштагылардын мүдүрүлүшүнө, бөлүнүп-жарылышына себепкер болуп калышыбыз мүмкүн (Кор. 1-к. 8:9; 10:23, 24). Маселен, Жахаба мындай же тигиндей кийингиле деп катуу талап койбой, карманышыбыз керек болгон принциптерди берген. Кийимибизден «акыл-эстүү», жөнөкөй экенибиз көрүнүп турушу керек. Ошондо башкаларга Кудайдын кызматчысы экенибиз дароо эле айкын болот (Тим. 1-к. 2:9, 10). Андыктан кийингенибиз менен өзүбүзгө ашыкча көңүл бурдурбайбыз. Ыйык Китептеги принциптер аксакалдарга да кийимге жана чач жасалгага байланыштуу эреже чыгарбаганга жардам берет. w23.07 23, 24-б., 13, 14-абз.

Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2025

Ишемби, 15-ноябрь

Мени кунт коюп уккула, тамактын жакшысын жегиле, ошондо чындап эле тамактын мыктысын жеп, рахаттанасыңар (Ыш. 55:2).

Жахаба келечекте бактылуу болушубуз үчүн эмне кылышыбыз керектигин көрсөткөн. Шарактаган «акылсыз аялды» уккандар жашыруун рахат алууну көздөшөт. Ошентип жүрүп, акыры, «көрдүн түбүнө» түшөт (Накыл 9:13, 17, 18). Ал эми «чыныгы акылмандыкка» кулак каккандардын келечеги кең болот (Накыл 9:1). Ошонун аркасында биз Жахаба жакшы көргөн нерселерди жакшы көргөндү, жек көргөн нерселерди жек көргөндү үйрөнүп жатабыз (Заб. 97:10). Башкаларды да «чыныгы акылмандыктын» пайдасын көрүүгө чакырып, андан кубаныч алабыз. Эгер ошентсек, «шаардын бийик жерлеринен»: «Ким тажрыйбасыз болсо, бери кайрылсын»,— деп жар салууга жөнөтүлгөндөргө окшош болобуз. Анын пайдасын азыр эле эмес, келечекте да көрөбүз. Анткени «түшүнүктүн жолунда түз жүргөндөр» түбөлүккө өмүр сүрүшөт (Накыл 9:3, 4, 6). w23.06 24-б., 17, 18-абз.

Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2025

Жекшемби, 16-ноябрь

Ачууланбай, сабыр сактаган киши эр жүрөктөн артык, өзүн башкара билген шаарды басып алган кишиден артык (Накыл 16:32).

Кесиптешиңер же классташыңар эмнеге ишенериңерди сурап калса, кандай сезимде болосуңар? Адатта, тынчсызданат болушуңар керек. Көбүбүз эле ошентебиз. Бирок маектешибиздин ушинтип сураганы анын ой жүгүртүүсүн түшүнгөнгө, эмнеге ишенерин аныктаганга жана жакшы кабар менен бөлүшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүшү ыктымал. Анткен менен кимдир бирөө кээде атайылап талаш жарата турган суроо бериши мүмкүн. Буга таң калбайбыз деле. Анткени айрымдар биз жөнүндө ушак-айың уккан болушу ыктымал (Элч. 28:22). Анын үстүнө, биз «эпке-сөзгө келбеген,.. ырайымсыз» кишилер көп болгон «акыркы күндөрдө» жашап жатабыз (Тим. 2-к. 3:1, 3). Кимдир бирөө ишенген нерселериңерди сындап, талашып-тартышкысы келсе: «Канткенде сылык-сыпаа жооп бере алам?» — деп ойлонушуңар мүмкүн. Ушинткенге эмне жардам берет? Бир сөз менен айтканда, жумшактык. Жумшак киши кимдир бирөө атайылап кыжырына тийгенде жана кантип жооп беришти билбей жатканда токтоо болуп, өзүн кармай алат. w23.09 14-б., 1, 2-абз.

Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2025
Кош келиңиз!
Бул китепкана Жахабанын Күбөлөрү чыгарган ар кайсы тилдеги адабияттарды изилдөөгө арналган.
Адабиятты жүктөп алуу үчүн jw.org дарегине кириңиз.
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү